«АКЖАКАЧАНДАРДЫН» КЫЛМЫШТУУЛУГУ – мамлекеттик иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдары (чиновниктер) жасаган кылмыштардын жыйындысынын шарттуу аталышы. Түшүнүк илимий жүгүртүмгө америкалык кылмыштаануучу Э. Сатерленд тарабынан киргизилген.